© 2025 Эльвира Сурабалдиева

Эльвира Сурабалдиева Жыргалбековна


Кыргызстандык саясий жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI, VII жана VIII чакырылыштарынын депутаты, Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри.

Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы, ошондой эле Калк жана өнүгүү боюнча Азия парламентарийлер форумунун алдындагы Кыргызстандын парламентарийлеринин Калк жана өнүгүү боюнча улуттук комитетинин төрайымы.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.
Өмүр баяны жана билим жолу

Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында, азыркы Бишкекте туулган. Ал белгилүү ишкер жана коомдук-саясий ишмер, Кыргызстан ишкерлер союзунун негиздөөчүсү жана кийинчерээк төрагасы болгон Жыргалбек Сурабалдиевдин үй-бүлөсүндө чоңойгон.

Мектепти аяктагандан кийин Эльвира Сурабалдиева эл аралык мамилелер багыты боюнча билим алган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Улуу Британиядагы Бристоль университетинде ушул эле адистик боюнча билимин улантып, окуусун аяктаган.

2026-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтун «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Кесиптик ишмердүүлүгү

Эльвира Сурабалдиева эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айында Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөөдөн баштаган.

2004–2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда иштеп, башкы адистен тышкы байланыштар жана маалымат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан соң бөлүм башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн.

2006-жылдын октябрынан 2015-жылдын августуна чейин «Кудайберген» автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген. Ишкердик чөйрөдөгү тажрыйбасы жана бизнес өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруусу анын кесиптик жолунун маанилүү бөлүгүнө айланып, кийинки коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө да олуттуу таасир тийгизген.

Саясий ишмердүүлүгү

Эльвира Сурабалдиева 2014-жылы ата мекендик ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан болгон коррупциялык схемалар тууралуу коомчулукка ачык билдирүү жасагандан кийин кеңири таанылган. Бул билдирүү коомдо чоң резонанс жаратып, анын жыйынтыгында аталган ведомствонун кызматкери кармалып, агенттиктин жетекчилигинде да кадрдык өзгөрүүлөр болгон.

Мамлекеттик органдар менен иштөөдөгү тажрыйбасы, ишкерлер туш болгон көйгөйлөрдү жакындан көрүшү жана системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы анын саясатка келишине түрткү болгон.
2015-жылы Эльвира Сурабалдиева Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Парламентте ал жарандардын укуктарын коргоо, ишкердикти колдоо, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу жана бийлик менен коомдун ортосунда ачык диалог түзүү маселелерин көтөрүп келген.

2016-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Айым депутаттар форумунун төрайымы болуп шайланган.

2020-жылдын 28-октябрынан 2021-жылдын 3-февралына чейин Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри кызматын аркалаган. Бул мезгилде COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабды да жетектеген.

Анын демилгеси менен пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын, гранттардын жана гуманитардык жардамдардын пайдаланылышындагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген.

Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгү

2015–2020-жылдары Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодон кийин Бишкек шаарындагы төрт шайлоо округунун экөөндө «Баарына каршы» варианты эң көп добуш алган. Буга байланыштуу аталган округдардагы шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылып, Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындаган.

Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын №27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн. 2022-жылдын 27-февралында өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгында ал шайлоого катышкан жарандардын 46%дан ашуун добушун алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2022-жылдын 11-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы ага депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырган.

2022-жылдын 16-мартынан 2025-жылдын 17-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болгон.

2025-жылдын 30-ноябрында Эльвира Сурабалдиева мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Шайлоо жаңы система боюнча өткөрүлүп, өлкө аймагында 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланган.

Ал Бишкек шаарынын Биринчи май районун камтыган №23 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2025-жылдын 17-декабрынан тартып улуттук парламентте VIII чакырылыштын депутаты катары ишин улантууда.

2026-жылдын 19-февралында Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланган.
Сыйлыктары

Кесиптик, коомдук жана саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө Эльвира Сурабалдиева бир катар мамлекеттик, парламенттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

  • "МПА СНГ. 25 лет" медалы 2018-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы 2018-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы 2018-ж.
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл” юбилейлик медалы 2019-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Арлак грамотасы 2020-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан баалуу белек (энчилүү саат) 2022-ж.
  • "МПА СНГ. 30 лет" юбилейлик медалы 2023-ж.
  • “Финансы-экономикалык иштин отличниги” төш белгиси 2023-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалы 2023-ж.
  • “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы 2023-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамотасы 2023-ж.
  • Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Ардак грамотасы 2023-ж.
  • “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы 2023-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Банк системасынын отличниги” медалы 2023-ж.
  • “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги” төш белгиси 2023-ж.
  • “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100 жыл” юбилейлик медалы 2024-ж.
  • “ИИМдин Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалы 2024-ж.
  • “Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин “Мээримдүүлүк” медалы 2024-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Салык кызматынын отличниги” төш белгиси 2025-ж.
  • Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) “За укрепление парламентского сотрудничества” медалы 2025-ж.
  • “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 100 жыл” юбилейлик медалы 2025-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) “Акыйкат” медалы 2025-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы 2025-ж.
википедия