Негизги милдеттер:
- Расмий каттарды, суроо-талаптарды жана аналитикалык материалдарды даярдоо, мыйзам долбоорлору менен иштөө
- Жарандардын кайрылууларын кароо жана иш кагаздарын жүргүзүү
- Мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара байланыш түзүү
- Коомдук иш-чараларды, жолугушууларды жана иш сапарларды уюштурууга катышуу
Коюлган талаптар:
- Жогорку билимдүү (юриспруденция, экономика же мамлекеттик башкаруу багытында – артыкчылык катары каралат)
- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди оозеки жана жазуу түрүндө жогорку деңгээлде билүү (Англис тилин билүү – артыкчылык)
- Укук-ченемдик актылар менен иштөө жана тажрыйбада колдонуу жөндөмү.
- Офистик программаларды жана негизги санариптик куралдарды колдонуу билүү
- Жеке сапаттар: жоопкерчилик, тартиптүүлүк, тактык, аткаруучулук, демилгелүүлүк, аналитикалык ой жүгүртуү,профессионалдык ɵнүгүү, кесиптик жана моралдык-этикалык нормаларды билүү
Иш шарттары:
- Толук жумуш күнү: 09:00–18:00 (айрым учурларда кошумча жүктөм болушу мүмкүн)
- Кесиптик өсүү мүмкүнчүлүгү жана мыйзам чыгаруу процессине катышуу
Резюмени жөнөтүү шарттары:
- Өзүнүз жөнүндө кыскача маалымат (ФИО, билим, иш тажрыйбасы)
- Парламентте иштөө максатыңызды жана бул кызматтан эмнени күтөөрүңүздү кыскача баяндап бериңиз
- Резюмеңизди тиркеп (PDF же Word форматында), mp.surabaldieva@gmail.com электрондук дарекке жөнөтүңүз.
Арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 2025-жылдын 30-май.
❗️Талапкерлердин резюмелери жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлүп келген учурларда гана каралат.
Аңгемелешүүгө талаптарга жооп берген эң ылайыктуу талапкерлер чакырылат.